|
Кирешелер жөнүндө жарнак
|
|
КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ЖАРНАК – мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары өзүнүн жана жакын туугандарынын менчигиндеги КРде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан мүлктөрү жөнүндөгү төмөндөгүдөй маалыматтар: а) кыймылсыз мүлк; б) кыймылдуу мүлк – транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валюта менен), баалуу кагаздар, уюмдардагы аларга тийешелүү үлүштөр, баалуу жана жарым баалуу металлдардан, баалуу жана асыл таштардан жасалган зергер буюмдар, мал-жаны жана көңүлгө алынбай тургандардан башка жандыктары, жарандарга жана юридикалык жактарга болгон мүлктүк талаптар, ошондой эле мыйзам чегинде маданий байлык, байыркы буюм деп таанылган нерселерди чагылдырат.
|